24.kg
16:20, 29 июля 2022, 24.kg

Жаңы стадион Орок айыл аймагындагы 20,78 гектар жерге курулат

Жаңы стадион Сокулук районунун Орок айыл аймагындагы 20,78 гектар жерге курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган тилке айыл чарба багытындагы жер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери категориясына которулду.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жаңы стадионду Түштүк магистралдын өйдө жагына, болжол менен Орок айылынын тушуна куруу пландалып жатканын билдирген. Министр жакында долбоордун наркы белгилүү болорун, жаңы стадион 23 миң көрүүчүгө ылайыкташып куруларын кошумчалаган.

Мурдараак Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу быйыл август айында башталарын мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18