24.kg
17:36, 28 июля 2022, 24.kg

Ош шаарында августтан тарта социалдык дүкөндөр ишке кирет

Ош шаарында август айынан баштап 7 муниципалдык аймактык башкармалыкта социалдык дүкөндөр ачылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
 
Долбоордун негизги максаты — калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10% төмөн баада сатып алууга шарт түзүү.
 
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан камсыздоочуларды (поставщик) тандоо иштери аяктады.
 
Социалдык дүкөндөрдө продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан ишке ашырылат.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18