24.kg
11:32, 28 июля 2022, 24.kg

«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору убактылуу жабылат

«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин 2022-жылдын 1-ноябрында аяктоо пландалууда.

Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун төшөлмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, «Баткен», «Жалал-Абад» аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бул убакытка чейин жүргүзүлгөн эмес.

«Манас» ачык акционердик коому кардарларларынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18