24.kg
09:23, 26 июля 2022, 24.kg

Рамзан Кадыров Шавкат Мирзиёевге эки жылкы белек кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага эки жылкы белек кылды.

«Мен жылкыларды аябай жакшы көрөм, сиз да жакшы көрөрүңүздү билем. Ошондуктан жалпы чечен элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге эки күлүктү белек кылууну чечтим. Сизге чын ден соолук, узак өмүр, ошондой эле Өзбекстан элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деди Кадыров Instagram’га чыгарган куттуктоосунда.

Мындан тышкары ал куттуктоосунда Өзбекстандын президентин «жөнөкөй жана меймандос адам, ошол эле маалда акылман жана алысты көрө билген саясатчы» деп мүнөздөдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18