24.kg
15:30, 22 июля 2022, 24.kg

Ысык-Көлдө Назарбаевдин эстелиги алынып салынган

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги «Рух Ордо» маданий борборунун аймагынан алынып салынды. 

Эстелик көлдөн алыс эмес жерде — арканын оң тарабында орнотулган. Басылма эстеликти болжол менен бир жыл мурун — 2020-жылдын ортосунан 2021-жылдын ортосуна чейин алып салышканын жазды. Себеби ошол кезде эс алгандардын видеосунда эстелик көрүнгөн эмес.

Президенттик администрация эстеликтин алынганы жөнүндө маалыматка комментарий бере элек.

Эстелик 2005-жылы Назарбаевдин 65 жылдыгынын урматына орнотулган.

Назарбаевдин эстелигинин жоголгону тууралуу маалымат Чолпон-Атада Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бейформал форматта жолуккан күндүн эртеси жарыяланды.

Казакстанда борбор калаа, аэропорт, көчөлөр, университет жана мектептер Нурсултан Назарбаевдин ысымын алып жүрөт. Мурдагы президенттин урматына эстеликтер да орнотулган. Көптөгөн казакстандыктар борбор калаанын жана башка объектилердин атын өзгөртүүнү талап кылышып, атүгүл петиция жарыялашкан.

Январь окуялары учурунда Талдыкорганда митингге чыккандар Нурсултан Назарбаевдин айкелин уратышкан.

 
 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18