24.kg
10:23, 21 июля 2022, 24.kg

Тажикстанда студенттер аскерге тартылууда

Тажикстандын жогорку окуу жайларынын жүздөгөн студенттери өз каалоосу менен жазгы чакыруу учурунда аскерге кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү жана илим министри билдирди.

Буга чейин студенттер бийлик аларды армияга жөнөтүү үчүн мөөнөтүнөн мурда сынак тапшырууга мажбурлап жатканына даттанышкан.

Тажикстандын билим берүү жана илим министри Рахим Саидзоданын айтымында, 2 миң 333 студент жазгы чакыруу учурунда аскерге кетти.

«Өзүңүздөр билесиздер, күч түзүмдөрүндө иштөөнү каалагандар аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү», — деди министр.

Тажикстанда 2020-жылы «Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, жогорку окуу жайларынын аскердик кафедраларында окуган жаштар офицердик наам жана аскердик билет алуу үчүн бир жыл армияда кызмат өтөөгө милдеттүү. Мурда офицердик наам 40 күн кызмат өтөгөндөн кийин берилип келген.

Жаңы мыйзамга ылайык, бакалавриатта гана эмес магистратурада да окуган студенттер аскерге чакырылат. Буга чейин бул категориядагы студенттер аскерде кызмат өтөөдөн бошотулган болчу.

«Жарандык эркиндик кеңсеси» коомдук уюму 3-майда жазгы аскерге чакыруу учурунда студенттерге кысым жасалганын билдирген. Окуу жайлардын жетекчилери армияга баргысы келбегендерди окуудан чыгарабыз деп коркутканы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18