24.kg
10:21, 21 июля 2022, 24.kg

Кыргызстан Орусия менен эсептешүүсүндө толук бойдон орус рублине өттү

Кыргызстан Орусия менен эсептешүүлөрүнүн баарын орус рублине өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда «Азаттыкка» экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

«Орус-кыргыз товар жүгүртүүсү толук рублге өттү десек болобу, күйүүчү-майлоочу материалдардан тышкары да?» деген суроого министр төмөнкүчө жооп берди.:

«Толук өттү десек болот. Анткени Орусия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз — орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Орусия менен рубль—сом болуп жүргүзүлүүдө».

Министрдин айтымында, буга чейин газ жана күйүүчү майлоочу материалдар боюнча «Газпром» менен эсептешүү доллар менен жүрчү.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыштын бир катар санкцияларына кабылган жана анын он чакты банкы SWIFT системасынан өчүрүлгөн. Бул система аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алып турат. Ага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына 5 миллиарддай кат алмашылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18