24.kg
15:26, 20 июля 2022, 24.kg

Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачы каза болду

Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачы каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 19-июлда орун алган.

«Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Түштүк-Бокбашы жерлигинде мамлекеттик чек араны кайтарып кызмат өтөп жаткан учурунда 1992-жылы туулган К.А. аттуу аскер кызматкерине күтүүсүздөн аюу кол салып, жыйынтыгында аскер кызматкери оор жаракат алган». — деп айтылат маалыматта.

Көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан К.А. алган жаракатынан улам каза болгон.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, жоокер Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгында келишимдик негизде кызмат өтөгөн.

Орун алган окуя боюнча бардык тиешелүү органдарга өз учурунда кабар берилди.

Азыркы учурда окуя орун алган жерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18