24.kg
16:39, 19 июля 2022, 24.kg

Өзбекстан 8 жылда уран казууну эки эсе көбөйтүүнү пландоодо

Өзбекстан 2030-жылга карата жылына 7100 тонна уран өндүрүүнү пландап жатат.

Ушул тапта Өзбекстан жылына 3,5 миң тонна уран казып алууда.

Уран казууну көбөйтүү үчүн наркы 460 миллион долларлык 20 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын (WNA) маалыматына караганда, Өзбекстан уран казуу боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат.

Өзбекстандын өзүндө уран кайра иштетилбейт, толугу менен экспорттолот. Өзбекстанда урандын 132 тонна запасы бар, бул дүйнөлүк камдыктын 2% түзөт. Урандын запасы боюнча Өзбекстан 11-орунда турат.

Уран казуу боюнча 2021-жылы Казакстан биринчи, Австралия экинчи, Намибия үчүнчү, Канада төртүнчү орунду алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18