24.kg
16:36, 19 июля 2022, 24.kg

Өлкөдө беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилди

Президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, өзгөчө макам Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилди.

Жарлыкта айтылгандай, өзгөчө макам аталган окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү көздөйт.

Ошондой эле, айрым мамлекеттик жогорку окуу жайларын кайра уюштуруу максатка ылайык деп табылды.

Ага ылайык, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине илимий-изилдөө университети деген макам берип, ага Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, Бишкек финансылык-экономикалык техникумун кошуу, Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу, Ош мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Үсөнгазы Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу каралууда.

Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайында 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18