24.kg
09:17, 19 июля 2022, 24.kg

Өзбекстанда накталай акча тартыш болууда

Акыркы жумаларда өзбекстандыктар нак акчанын жана чет элдик валютанын жетишсиздигине даттанышууда.

Соцтармактарда тараган сүрөт, видеолордон өзбекстандыктар акча чыгаруу үчүн банкоматтарда кезекте турганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары банкоматтарга бир нече күндөн бери акча салынбай жатканын билдиришүүдө.

Бул арада Өзбекстандын Улуттук банкы 2022-жылы январь-июнь айларындагы акча которуу жөнүндө маалымат берди. Ага караганда, биринчи жарым жылдагы акча которуунун көлөмү 6,5 млрд долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп.

Экономисттер нак акчанын тартыштыгы Украинадагы согуш, Орусиядагы санкциялык чектөөлөр менен байланышта экенин билдиршүүдө.

Нак акча тартыш болуп жаткан маалда банктоматтардан акча чыгаруу үчүн алынган комиссия да көтөрүлүп кетти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18