24.kg
09:16, 19 июля 2022, 24.kg

Чек ара жаңжалы боюнча соттолгон эки этникалык тажик эркиндикке чыкты

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Борбордук айлынын эки тургуну — этникалык тажиктер Амонжон Бобожонов менен Аюбжон Урунов эркиндикке чыкты. Алар тогуз ай камакта отурган.

21-сентябрда Лейлек райондук соту куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган Акмалжон Исоевди 15 жылга, Аюбжон Урунов менен Амонжон Бабожоновду​ сегиз жарым жылга кескен эле. Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары «далилдер жетишсиз, катаал жаза колдонулду» деп сот чечимине нараазы болуп, облустук сотко даттанган.

Соттолгондордун жакындарынын бири «Озоди» радиосуна Амонжон Бобожонов 15-июлда үйүнө кайтып келгенин, эки күн өткөн соң Аюбжон Урунов да камактан бошотулганын кабарлады.

«Кыргызстан бийлиги Амонжон меннен Аюбжон эмне себептен бошотулганын айткан жок. Бизге дагы эч нерсе белгисиз. Эң башкысы алар эркиндикке чыкты, бул биз үчүн чоң кубаныч», — деди ал.

Ошол эле маалда алар менен бирге соттолгон Акмалжон Исоев колонияда отурат.

2021-жылы 28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18