24.kg
10:41, 15 июля 2022, 24.kg

Алты айда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 миллиард сом бөлүндү

Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн берилген жеңилдиктерден улам бюджетке 1,4 миллиард сом түшпөй калган.

«Биздин ички рынок импорттук товарлардан көз каранды. Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын кымбатташы бизге да таасирин тийгизүүдө. Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 млрд сом бөлдүк. Бир катар керектелүүчү товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 1 млрд 450 млн сомго жакын каражат түшпөй калды», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата иш планында 650 иш-чара каралган.

«Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча документ 73%га аткарылган. Алдыга коюлган милдеттерди аткара албаган министрлер жыл жыйынтыгы боюнча кызматтан алынат. Ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү. Бири-бирин кайталаган жана карама-каршы келген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жоюлду. Биз парламентке 6114 токтомду, 1386 буйрукту күчүн жоготту деп табуу боюнча чечим киргиздик. Эми иштөө жана иштөө гана керек», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18