24.kg
09:17, 15 июля 2022, 24.kg

БУУ: Тажикстанда айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады

Тажикстанда быйыл айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстанда ундун баасы былтыр ушул маалга салыштырмалуу 50% жогоруласа, пияз 192% кымбаттаган.

Ошол эле маалда 2021-жылга салыштырмалуу өлкөдө сабиз 65%, жасмык 5% арзандаган.

БУУнун адистери өткөн аптада ага чейинки жумаларга салыштырмалуу Тажикстандын алты базарында ундун баасы 1-3% төмөндөгөнүн, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда тескерисинче кымбаттаганын аныкташкан. Мындан тышкары Тажикстандын сегиз баразарында кумшекер 4%дан 18%га чейин арзандаган.

Жыл башынан бери Тажикстанда эң керектүү товарлар бир нече жолу кескин кымбаттады. Андай учурларда бийлик калк үчүн кесепеттерин азайтуу максатында мамлекеттик резеврдин эсебинен базарга арзаныраак азык-түлүк чыгарып турду. Бирок ал товарлар көбүнчө түшкө чейин эле түгөнүп калып жатты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18