24.kg
09:43, 14 июля 2022, 24.kg

Ажылык сапар учурунда эки тажик жараны кайтыш болду

Сауд Арабиясында зыярат кылып жүргөн эки Тажикстан жараны — 62 жаштагы Мухаммад Расулов менен 64 жаштагы Кизларгүл Тожиева кайтыш болду.

Тажикстандын Дин иштери комитети алар жүрөк талмасынан көз жумганын билдирди. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Меккедеги Аль-Харам мечитинде өттү.

Тажикстандыктарды Меккеге коштоп барган башкы дарыгердин билдиришинче, башка зыяратчылардын ден соолугу жакшы. Бирок кээ бири муздак сууну көп ичкенден кийин тамагы ооруп, дене табы көтөрүлгөн.

Быйыл Сауд Арабиясына ажылыкка баруу үчүн Тажикстанга 3562 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына чейин мусулмандардын ыйык жайына 6 миңге чейин тажикстандык барып турган. Акыркы эки жылда пандемияга байланыштуу Мекке жана Мединага зыярат жасоого тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18