24.kg
09:17, 12 июля 2022, 24.kg

Каракалпакстандык журналист бийликти басып алууга айыпталууда

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каракалпакстан журналисти Даулетмурат Тажимуратовду бийликти басып алууга аракет жасоо же конституциялык түзүмдү кулатуу максатында кутумга барууга айыптады.

Журналист камакка алынды. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Азамат Турданов аттуу кишинин да аты аталган. Ага да ушуга окшош айып тагылган. Конституциялык түзүмгө кол салууга аракет жасоо иши боюнча бардыгы болуп 14 киши кармалган.

Ведомствонун билдиришинче, 1-июлда «Эл кызматында» гезитинин редактору Даулетмурат Тажимуратов республика жашоочуларын «Каракалпакстандын эркиндиги үчүн» 5-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүүгө чакырган.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган. 516 киши кармалган.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамындагы «суверендүү республика» деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18