24.kg
09:48, 08 июля 2022, 24.kg

Сыдыков көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдолгон жолдун жалпы узундугу 0,5 чакырымды түзүп, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин коюу жана жол белгилерин орнотуу менен толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган. Жол иштери 2022-жылдын башында башталып, 2022-жылдын 7-июлунда аяктады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18