24.kg
09:31, 08 июля 2022, 24.kg

Январь окуялары боюнча шектелген абактагы өспүрүм өзүнө кол салды

Январь окуяларына байланыштуу «курал-жарак уурдоого» шектелген 17 жаштагы Кадыржан Абиза нааразылык иретинде денесин жаралады.

Жашы жете элек өспүрүм моюн жана баш жаракаты менен 7-июлда Алматы шаарына жакын жердеги Каскелең борбордук ооруканасына жеткирилди. Бул маалымат алгач WhatsApp мессенжериндеги топтордо тарап, кийин Абиза өзү да ырастады.

Өспүрүм бул кадамга өзүнө карата ачылган иш сотко жиберилгенин уккандан кийин барганын айтты. Анын билдиришинче, мурда прокурорлор далил болбосо ишти жабууга убада беришкен.

«Алар ишти менсиз сотко жөнөтүп ташташты. Мени чакырышкан жок. Кол койдурушкан жок. Тааныштырган жок», — деди Абиза.

Абизанын адвокаты кылмыш ишин кыскартуу боюнча бир нече жолу доо арыз жазганын, бирок жыйынтыгы болбогонун билдирди. Ал Абиза тергөө изоляторунда кыйноого кабылганын, өспүрүмдүн манжасын сындырышканын кошумчалады.

Январь окуяларынан кийин миңдеген киши кармалып, алардын көбү кийинчерээк бошотулган. Июндун аягына карата 392 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 445 адам жоопкерчиликке тартылган. Атайын прокурорлордун өндүрүшүндө «Жапырт башаламандык» беренеси боюнча 58, «Терроризм актысы» боюнча 8 иш каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18