24.kg
16:25, 07 июля 2022, 24.kg

Мирзиёев Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап иликтөө чакырыгына жооп кайтарды

6-июлда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Нукустагы окуяларды иликтөөгө депутаттар, коомчулуктун өкүлдөрү менен активисттер тартыларын билдирди.

Мирзиёев тергөө толкундоолорду басууда аскерлер канчалык туура кадам жасаганын да баалай турганын айтты.

«Бул баскычта күч түзүмдөрүнүн аракети да тыкыр иликтениши керек. Эгер алар негизсиз күч колдонсо, азыркы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш»- деген президент.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 18 кишинин өмүрүн алган Каракалпакстандагы кайгылуу окуяларды ар тараптуу, бейтарап жана ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, ыкчам-терөө тобун башкы прокурордун биринчи орун басары жетектөөдө.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган. 516 киши кармалганы белгилүү болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18