24.kg
15:50, 06 июля 2022, 24.kg

«Дордойдогу» өрт 42 контейнерди жарактан чыгарды

«Дордой» базарындагы өрт 42 контейнерди жана тогуз күркөнү каптаганын 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «кытай катары» деп аталган катарда металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө (павильон) күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу.

Тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланганы кабарланды. Жабыркагандар Бишкектин № 4 ооруканасына жеткирилген.

5-июлда «Дордойдо» чыккан өрттү өчүрүүгө 60 куткаруучудан турган жети бөлүм тартылган.

Айрым ишкерлер базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин жана алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн билдирип, кенемте төлөнүп берилиши керектигин айтышты.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18