24.kg
15:47, 05 июля 2022, 24.kg

Путин Украинада «атайын операцияны» улантууга буйрук берди

Кремль Луганск облусун көзөмөлдөө толук бойдон алардын колуна өткөнүн жарыялагандан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн аскерлерине Украинанын чыгышында чабуулдарды улантууга буйрук берди.

Ал орус аскерлери буга чейинки коюлган планды ишке ашырууга милдеттүү экенин, Луганск облусун кандай басып алышкан болсо, ошондой аракеттерин улантышы керектигин 4-июлда билдирди.

Украин армиясы Луганск облусунун Лисичанск шаарында ээлеп турган позициясынан чегингенин 3-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий билдирген. Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим «оккупациялык аскерлердин артиллерия, авиация, реактивдүү системалар, ок-дары жана жеке курам жагынан эселеп көп болуп жаткандыгына байланыштуу» кабыл алынган.

Лисичанск Украина Луганск облусунда көзөмөлдөп турган акыркы шаар болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18