24.kg
11:40, 05 июля 2022, 24.kg

Кыргызстан Кореяга бал экспорттоону көздөөдө

Түштүк кореялык компания кыргыз балын импорттойт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ата мекендик экспорттоочулардын 23-25-июнь аралыгында Сеул шаарында өткөн Import Goods Fair көргөзмөсүнө катышуусунун жана мүмкүнчүлүктүү сатып алуучулар менен B2B жолугушууларды өткөрүүнүн жыйынтыгында Bee Honey LLC (Кыргызстан) жана Kyrka Corp. (Түштүк Корея) компанияларынын ортосунда 2022-жылы 20 тонна бал жеткирүүгө келишим түзүлгөн. Бул көлөм акырындык менен 100 тоннага чейин жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, кыргыз компаниялардын аталган көргөзмөгө катышуусу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин көмөгү жана БУУнун Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан ишке ашырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18