24.kg
10:38, 05 июля 2022, 24.kg

Кыргызстанда доллардын көлөмү 7-10 пайызга азайды

Кыргызстанда доллардын көлөмү 7-10 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ал АКШ валютасына байланыштуу кырдаалды геополитикалык ахыбал менен түшүндүрдү.

«Биз так маалыматты ачык айта албайбыз, өлкөдөгү коммерциялык банктарда накталай доллардын көөлөмү 7-10 пайызга кыскарды. Кыргызстанга чоң көлөмдө накталай эмес түрдө доллар кирип, ал нак акча түрүндө чыгарылып кетип жатат. Андан сырткары, АКШ валютасынын алып кирүү каналдары дагы иштебей калды», — дейт ал.

Аида Карабаева банктар АКШ валютасын накталай алып келүү жолдорун иштеп жатканын белгилейт.

«Азыр башка жолдор иштелип чыгып, келишимдерге кол коюлуп жатат. Долларго муктаждык өтө жогору эмес», — дейт Аида Карабаева.

Анын маалыматында, январь-апрель айларында Россиядан 773 миллион доллар которулуп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга жогору болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18