24.kg
14:48, 04 июля 2022, 24.kg

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. 

Анда кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ал өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалдын нормалдашуусун камсыздоо жана анын мындан ары курчушуна жол бербөө мүмкүн болгондугун баса белгиледи.

Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18