24.kg
14:06, 04 июля 2022, 24.kg

Нарындын башчылары кызматынан алынды

Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев кызматынан бошотулду.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Камчыев Курбанбек Камчыевич ээлеген кызматынан бошотулду. 

Анын ордуна Сузак  районунун мурдакы акими Эрмек Омошев дайындалды. 

Андан сырткары, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев дагы кызматтан алынып, анын ордуна Алтынбек Эргешов бекитилди. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18