24.kg
11:00, 04 июля 2022, 24.kg

Коргоо министрлиги аскердин өлүмү боюнча түшүндүрмө берди

Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттө кызматын өтөп жаткан 22 жаштагы Ж.Э. кокустан өзүн атып алган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдерет.

Маалыматка ылайык, окуя 4-июлда саат 02:00дөр чамасында болгон. 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алган. Жоокер алган жаракатынан көз жумган.

Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн райондук милициясынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18