24.kg
10:03, 04 июля 2022, 24.kg

Жогорку Кеңеш журналисттер союзуна 100 миң сом бөлдү

Жогорку Кеңеш Кыргызстан журналисттер союзуна 100 миң сом бөлдү. Акчалай жардамды төрага Талант Мамытов союздун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевге тапшырды.

Андан сырткары, Талант Мамытов бир катар журналисттерге сыйлыктарды ыйгарды.

Жолугушууда журналисттердин коом үчүн кылган эмгеги өтө чоң экенин белгилеген Төрага Талант Мамытов: «Сиздердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздердин арты менен жарандарыбыз өлкөдөгү бардык окуялар тууралуу кабардар болуп келет. Андыктан, сиздерге калкты бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо милдети жүктөлгөн», — деди.

Муну менен катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чындыктын жарчысы, калыстык менен адилеттиктин үлгүсү болушу керектигин айткан Талант Мамытов: «Сөз эркиндиги коом үчүн чындыкка жетүүнүн куралы. Ал эми чындык талкууда такталып, Сиздер аркылуу элге жетет. Андыктан, агылган маалыматтардын ичинен чындыкты иргеп, аны коомчулукка так жеткирүү, ачык коомдун калыптануусуна жана жаңылануусуна салым кошуу сиздердин калемиңиздерге көз каранды! Ал эми Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары сиздер менен тыгыз кызматташып, дайыма жакындан иш алып барууга кызыкдар», — деп кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18