24.kg
17:25, 01 июля 2022, 24.kg

Мэрия коомдук унаада накталай эмес төлөмдөрдү киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алып, муниципалдык коомдук транспортторду накталай эмес төлөмдөргө өткөрүү мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууну чечти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардыктар «Тулпар» карталарын сатып алууга үлгүрүшкөн эмес.

Ошондой эле коомдук транспортко дифференцияланган тарифти киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлганы бул чечимге да таасир эткен, аны кабыл алуу менен муниципалитет жарандардын суроо-талаптарын эске алуу менен электрондук төлөм системасын жакшыраак ишке киргизе алат.

Кошумчалай кетсек, ноябрда борбор калаанын коомдук транспортунун кыймылдуу курамын жаңылоо күтүлүүдө.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун калкты тейлөө борборлорунан карта сатып алууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18