24.kg
12:07, 01 июля 2022, 24.kg

Эмгек сиңирген ишкерлер кызматтык паспорт алып, президент менен иш сапарга чыгат

Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанатта билдирди.

Анын айтымында, жарлык негизинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилип жатат.

«Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет», — дейт ал.

Азыркы учурда биздин өлкөдө 700 000ден ашуун салык төлөөчү бар экендигин белгилей кетүү керек. Алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү, же ишкерлерибиз мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18