24.kg
16:55, 30 июня 2022, 24.kg

Жапаров эки тараптуу маселелерди Рахмон менен талкуулады

Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18