24.kg
10:22, 30 июня 2022, 24.kg

Тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгүн 2023-жылы төлөөгө туура келет

2021-2032-жылдары учурдагы тышкы карызды тейлөө жана төлөө боюнча бардык төлөмдөрдүн 83 пыйызы туура келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айтымында, карыздын 50 пайызын Кытайдын Эксимбанкынан алынган насыяларды тейлөө жана төлөө түзөт. Ал абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгилге кирип жатканыбызды, 2023-жылга тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгүн төлөөгө туура келээрин кошумчалады.

«Мен эч кимди коркутпайм, бирок карызды төлөй албасак, Кытайдын Экспорт-импорттук банкы башкаруучу компанияны киргизип, ага стратегиялык объектилерибиз өтөт. Биз ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек! Көз карандысыздыгыбызды сактап калалы! Мен экономикалык көз-караштан алып караганда туруштук бере алабыз деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров жана кытай компаниялары башка мамлекеттердеги объектилерди башкарууну көзөмөлгө алган мисалдар бар экендигин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18