24.kg
12:36, 29 июня 2022, 24.kg

Бишкекте кумарканаларга каршы дагы митинг өтүүдө

Турдакун Усубалиев атындагы аянтта кумарканаларга каршы митинг өтүүдө.

Акция катышуучулары президент Садыр Жапаровдон мыйзам долбоорго вето коюну талап кылууда.

«Митингдер токтотулбайт. Биз мыйзамга вето коюлуп, жокко чыгарылганча каршылык акциясына чыга беребиз», — дейт алар.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 59 депутатынын макулдугу менен кумарканалар тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Ага ылайык өлкөнүн баардык аймактарында ачылуусуна жол берилип, бирок кыргыз жарандарына кирип ойноого тыюу салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18