24.kg
17:10, 28 июня 2022, 24.kg

Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагынын мөөнөтү узартылды

Бүгүн Биринчи май райондук соту кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагынын мөөнөтүн 18-августка чейин узартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Президент Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түзгөн, анын ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктаган.

4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен. 16-июнда Курманкул Зулушев кайрадан өз милдетин аткарууга киришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18