24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА
09:58, 28 июня 2022, 24.kg

Алайда туугандары тарабынан үч жашар бала катуу сабалып ооруканага түштү

Алайда туугандары тарабынан үч жашар бала катуу сабалып ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланы ооруканага 27-июнь күнү алып келишкен.

Анын апасы баласын 22 жаштагы сиңдисине таштап Бишкекке кеткен.

«24-июнь күнү 22 жаштагы аял үйүндө ага зордук зомбулук көрсөтүп, денесинин ар кайсы жерлерине уруп ар кандай жаракаттарды келтирген. Бирок ал учурда да алар жолдошу экөө аны ооруканага көрсөтпөстөн, үйүндө карап жүрүшкөн. Азыркы учурдагы жашап жаткан үйүнө алар бир жума мурда көчүп келип жашап жүрүшкөн учурда кошуналары тарабынан жаш өспүрүмгө карата зордук зомбулуктар болуп жаткандыгы байкалып, алар тарабынан Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социялдык иштер боюнча кызматкерлерине телефон аркылуу билдиришкен», — дейт милиция.

Учурда экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18