24.kg
11:18, 24 июня 2022, 24.kg

Өзбекстанда «Стелс-омикрон» аныкталды

Өзбекстанда коронавирустун Stealth-Omicron BA.2 штаммы аныкталды. Бул вирустун эң жугуштуу түрү болуп эсептелет.

Бул тууралуу Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башчысы Баходир Юсупалиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы аптада коронавирус жуктургандардын саны бир аз көбөйдү. 20-июнда— 87, 21-июнда — 82, 22-июнда — 98 учур катталды.
«Бейтаптардын 67% кадимки «омикрон» штамы аныкталса, 33 % Stealth-Omicron BA.2 түрү байкалды», — деди Баходир Юсупалиев.
Ал акыркы эки жылдан бери июнь-август айларында вирус жуктургандардын саны бир аз көбөйүп жатканын белгиледи.
Ушул тапта «стелс-омикрон» бардык өлкөлөрдө тарап жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму муну тынчсыздануу жараткан вирус деп атап, өтө тез тарай турганын белгилеген.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18