24.kg
18:42, 23 июня 2022, 24.kg

Сырткы видеокамераларын орнотуу каралган мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматы билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам республиканын бардык аймактарында тышкы видеобайкоо тутуму менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү, бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча, тышкы видеобайкоо тутумун түзүүгө тийиш болгон тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18