24.kg
15:36, 22 июня 2022, 24.kg

Ооганстанда жер силкинүүдөн 255 киши каза болду

Ооганстандын чыгышында 6,1 баллга жеткен жер силкинүү катталып, бери дегенде эле 255 киши каза болду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы «Бахтар» ооган агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөө 22-июнда эртең менен катталып, анын очогу Пакистан менен чек арага жакын жайгашкан Хост районунда болгон.

Зилзаладан Хост районуна жакын аймактарда бери дегенде эле 255 киши мерт болуп, 155 адам жараат алды. Кырсык болгон аймакка тик учактар менен куткаруучулар жөнөтүлдү.

Европадагы жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору «катуу жана узакка созулган силкинүү» Хост районунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Кабул шаарында да сезилгенин кабарлады. Зилзаланын очогунан 300 чакырым алыстыктагы Пакистандын баш калаасы Исламабаддын тургундары да жер титирегенин сезишкенин айтышты.

Пакистандын Метеорологиялык башкармалыгы силкинүү күчүн 6,1 баллга баалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18