24.kg
11:59, 21 июня 2022, 24.kg

Ак-Ордо конушунун тургундары уурулукка айыптаган адам психикалык жактан оорулуу

Бишкектин Ак-Ордо конушунда уурулукка шектелип мамыга байланган адам психикалык жактан жабыркап келет. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү 20-июнда саат 15:00-16:00дөр чамасында конуштагы үйлөрдүн бирине кирип, бут кийимдерди жана уюлдук телефонду алып чыккан. Материалдык чыгымдын суммасы 14 миң 500 сомду түзөт.

Милицияга арыз менен 56 жаштагы А.Л. кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган 57 жаштагы Э.Ф. тергөө кызматына жеткирилген. Анын туугандарынын айтымында, Э.Ф. психикалык ооруканада каттоодо турат. Шектүүнүн туугандары соцтармакта тараган видеого байланыштуу арыз жазуудан баш тарткан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18