24.kg
14:17, 15 июня 2022, 24.kg

Баткенде чек арада курман болгондор мекендештердин элесине арналган мелдеш өтөт

2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгондорду эскерүү жана элдердин достугун бекемдөө макстында «Мен патриот» аталышында аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Алардын маалыматында, мелдеш 17-19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» ден-соолукту чыңдоо борборунда болот. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар чет өлкөлөрдөн спортчулары катышат. 

Иш чара Аскердик кармашып урушуу боюнча спорттун түрүн жайылтуу, жаштарды дени сак жашоого шыктандырууга, туризмди өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык достукту бекемдөөнү, чек арада мекен үчүн курман болгондорду унутпоо максатында уюштурулуп жатат.

Жалпы байге фонду 250 миң сомду түзгөн спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18