Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматтагы туугандары боюнча суроого жооп берди
«Байгазы Матисаков мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат», — деп билдирди УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Лейла Саралаевага берген маегинде.
Ал бизнеси балдарына ѳтүп, тендерлерге катышып жатканын айткан.
«Жээним боюнча айтсам, мында эч кандай кызыкчылыктар кагышы жок. Анткени, ал заводдун директору. Ал башкарып жаткан мамлекеттик завод 2020-жылды 40 млн. сом чыгаша менен жыйынтыктаган. Ал заводдун башына келгенден кийин 2021-жылы заводду кирешесин 80 млн. сомго жеткирди. Бул жылы завод 200 млн. сом киреше кѳргѳнү жатат. Бул мамлекеттик акчалар. Мында каерде коррупция бар? Эмне үчүн ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн ийгиликтүү иштеп аткандарды четтетишибиз керек? Ал жогорку билимди Россиядан алган. Билимдүү, ѳз ишин билген жигит, эч ким ал жѳнүндѳ жаман сѳз айта албайт. Чыгаша менен иштеп аткан заводду кирешеге чыгарууга жетишсе, анын эмнеси жаман? Заводдогу буга чейинки коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн баары токтогон. Азыр заводдон эч ким акча уурдай да, ѳѳнѳй да албайт. Кирешелерин жаап-жашырбай, ачык-айкын иштешүүдѳ. Мындан сырткары, Кыргызстанда алгачкы жолу «Кыргызнефтегаз» кайра иштетүүчү заводду мамлекеттен бир тыйын албай ѳз каражатына курганы жатышат. Буга чейин мындай болгон эмес. Бул бизге башка ѳлкѳлѳргѳ болгон кѳз карандылыктан арылууга мүмкүндүк берет. Мурда 100 миң тоннага жетпеген нефти ѳндүрүлгѳн болсо, азыр 250 миң тонна нефти ѳндүрүлүүдѳ. Эки жылдан кийин бул кѳрсѳткүчтү 500 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Мунун баары мамлекеттики болуп эсептелет. Завод курулуп, иштей баштаса, бүтүндѳй түштүк аймагын күйүүчү майлоочу майлар менен камсыз кыла баштайт, Россияга, Казакстанга кѳз каранды болбой калабыз. Ал менин жээним болсо да, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат», — дейт УКМК башчысы.
Андан сырткары, иниси Шайырбек Ташиевдин депутат болушуна каршы чыкканын билдирет.
«Бирок эл 20 миңден ашык добушу менен депутат кылып шайлашты. Мен жакындарымдын эч кимисин мамлекеттик башкаруу саясатына катышканын каалбайм. Бирок ал шайлоочулар тарабынан шайланды. Бул эң башкы аргумент. Мындан башка жакындарымдын эч кимиси мамлекеттик кызматтарды ээлебейт. Эки жылдын ичинде кѳп кызмат орундарына жакындарымды койдурсам да болмок. Бирок эч кимди кызматка алып келбедим. Тескерисинче, кызматтагыларды кетирүүгѳ туура келди. Мурдаткан бери иштеп аткандар иштеп атышат», — деди Камчыбек Ташиев.