24.kg
09:19, 15 июня 2022, 24.kg

Президент жаңы стадион куруп берүүнү убадалады

Үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң орундуу заманбап жаңы стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, президент 14-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Бул биздин команда үчүн Азия кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Беттеш аяктаган соң мамлекет башчысы улуттук кураманын кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

«Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болот. Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти.

Алар борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18