24.kg
18:10, 14 июня 2022, 24.kg

Футболдук беттешке байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү жабылат

Бишкекте 14-июнда саат 16:00дөн 23:00гө чейин Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндарына байланыштуу көчөлөр жабылат.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр жабылат:
Тоголока Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Борбор калаанын мэриясы жана ЖКККББ айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат. Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана Патрулдук милиция кызматы камсыздайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18