24.kg
10:19, 13 июня 2022, 24.kg

Аквапарктагы баланын өлүмүнө байланыштуу мектеп директору кызматынан бошотулду

«Ала-Тоо» аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу № 95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аквапарктагы окуяга байланыштуу мэрия тарабынан түзүлгөн комиссия 9-июнда өз ишин аяктаган.

«Мектеп директору Эмгек кодексинин 83-беренеси (Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу) менен иштен алынды. Андан тышкары, жазган арызынын негизинде 6 мугалим иштен алынды, иш берүүчүнүн демилгеси менен директордун 2 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова каза болгон баланын апасы менен жолугуп, алардын үй-бүлөсүнө социалдык кызматкер дайындаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18