24.kg
10:14, 13 июня 2022, 24.kg

Бишкектин 46 мектебинде жайкы лагерлер ачылат

16-июндан тарта билим берүү мекемелеринде жана Ысык-Көлдүн жээгинде балдар үчүн лагерлер ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана өспүрүмдөрдүн, ошондой эле мектеп алдындагы лагерлерде окуган активисттердин жана отличниктердин жайкы эс алуусу 2022-жылы Бишкек шаарынын 46 мектебине пландаштырылган. Аларда жалпысынан 4 мин 470 бала эс алат.

Райондук билим берүү борборлору мектеп лагерлеринде жайкы тарбиялык-ден соолукту чыңдоо кампаниясын уюштуруу, координациялоо жана контролдоо, окуучулардын эс алуусун пландаштыруу жана ийримдердин жана короо клубдарынын ишин уюштуруу боюнча жооптуу адистер бекитилген.

Ысык-Көлдүн жээгинде балдардын эс алуусун уюштуруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы июль айында шаардын жалпы билим берүү уюмдарынын 230 окуучусу үчүн жайкы лагерлерге жолдомолорду сатып алууга тендер жарыялады.

Тендердик конкурстун жыйынтыгы боюнча балдар Сары-Ой айылында жайгашкан «Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине барышат.

«Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жана МСЭКБ кызматкерлеринин ичинен комиссиянын баруусу уюштурулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18