24.kg
09:31, 10 июня 2022, 24.kg

Өзбекстанда кумшекерге кезекке тургандар көбөйдү

Акыркы күндөрү Өзбекстандын айрым соода борборлорунда кумшекерге ири кезек жаралууда.

«Нигох» Telegram-каналынын маалыматына караганда, июнда биржалык соодада бир ай мурдагыга караганда 50% көбүрөөк — күнүнө 3 тонна кумшекер сатыкка коюлат. Бул чара аталган азыкка болгон ажиотажды жоюуга багытталган.

Билдирүүдө дүрбөлөңгө негиз жок экени, Өзбекстанда кумшекер жетишсиздиги болбой турганы айтылган.

«Шекер өндүрүү көлөмү быйыл 720 миң тоннаны түзөт, бул былтыркыга салыштырмалуу 22% көп. Ошол эле маалда шекердин жана чийки заттын импорту 643 миң тоннадан 900 миң тоннага чейин көбөйдү», -деп белгилеген өзбек президентинин администрациясына жакын өз булак.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18