24.kg
10:18, 09 июня 2022, 24.kg

Евробиримдик Тажикстанга жаңы элчи дайындады

Литванын тышкы иштер министринин орун басары Раймундас Кароблис Европа Биримдигинин (ЕБ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалды.

Вильнюс мамлекеттик университетинин Юридика факультетин аяктаган 54 жаштагы Кароблис буга чейин Литванын коргоо министри кызматында иштеген.

2018-жылдан бери ЕБдин Тажикстандагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген швециялык дипломат Мэрилин Йоcефсон Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө башчы болуп дайыналды.

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнө берген жардамдын негизги бөлүгүн Тажикстан алат. 2014-жылдан 2020-жылга чейин ЕБ Тажикстандын билим берүү, саламаттык сактоо жана айылдарды өнүктүрүү тармактары үчүн 251 миллион евро бөлгөн.

Тажик оппозициясы менен укук коргоо уюмдары акыркы жылдары Евробиримдикти «Тажикстандагы адам укуктары менен негизги эркиндиктердин чектелишине көз жумуп жатат» деп айыптап келишет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18