24.kg
10:13, 09 июня 2022, 24.kg

Жапаров үч мамлекеттин темир жол долбоору 2023-жылы башталарын айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июнда Жалал-Абад облусунда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

«Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол үч-төрт жылда бүтөт. Бул да ушул «Камбар-Ата-1», «Кумтөр» экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн. доллардан кем эмес киреше берет», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин 20-майда өкмөттүн жыйынында айткан.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18