24.kg
12:14, 08 июня 2022, 24.kg

Ош шаарында жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилүүдө

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы «Сулайман-Тоо» МАБынын аймагында рейд өткөрдү.

Курманжан-Датка көчөсүндөгү рейддин жүрүшүндө жарнак объектилерин Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 20га жакын буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Бир катар мыйзамсыз орнотулган жарнак такталары алынды.

Рейддик иш-чараларга Ош шаардык мэриясынын алдындагы тил боюнча комиссиясынын төрагасы Нурлан Закиров, комиссия мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, МАБ өкүлдөрү катышууда. Бул текшерүүлөр бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда жума сайын үзгүлтүксүз өткөрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18