24.kg
09:56, 08 июня 2022, 24.kg

Кадамжайдагы магистралдык каналдын курулушунун биринчи этабы аяктады

Кадамжайдагы магистралдык каналдын курулушунун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуштун ачылышы 2022-жылдын апрелинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен башталган.

Каналдын трассасынан өтүү үчүн тоо тектери жарылган. Мына эми «Алга кадам» каналын куруунун 1-этабы аяктап жатат.

Ирригациялык объекттин узундугу 27,8 км түзөт. Каналдын курулушу 4200 га жерди сугат суусу менен камсыз кылат. Долбоордун болжолдуу наркы 634,2 миллион сомду түзөт. Андан кийин каржылоо коомдук бирикменин каражаттарынан жана жарым-жартылай республикалык бюджеттен каржыланары маалымдалды.

Курулуштун биринчи этабы аяктагандыгына байланыштуу нрезиденттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин жана жергиликтүү бийлик органдарынын кол башчысынын катышуусунда курулуш техникасынын парады, ошондой эле жаа атуу боюнча мелдеш болуп өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18