24.kg
09:49, 08 июня 2022, 24.kg

ӨКМ жоокеринин сабалышына шектүү прапорщик камакка алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аскердик бөлүгүндө жоокердин катуу сабалышына шектелип келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-июнда жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер табарсыгы жарылып, № 4 ооруканага түшкөнү аныкталган. 7-июнда прокуратурага жабыркаган жоокердин атасы кайрылып, 1-июнда уулун прапорщик сабаганын билдирген жана анын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин аша чабуу тууралуу беренесинин негизинде иш козголгон.

ӨКМ Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын билдирген.

Сабалаган жоокердин жакындары Интернет аркылуу кайрылуу жолдоп, укук тартибин коргоо органдарынан, бийликтен жардам сурашкан жана келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганы айтышкан.

ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20 жаштагы жоокердин табарсыгы жарылып, операция жасалганын ырастап, аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18